Урматтуу мекендештерим! Урматтуу элим!
Кыргызстан Жашылдар Партиясынын (№12) Жогорку Кеңеште болушу - мезгилдин талабы!
Жер шарындагы экологиялык көйгөйлөр флора жана фаунанын бузулушуна жана жок болушуна алып келери, жаратылыш чөйрөсүндөгү климаттын өзгөрүшү сыяктуу терс процесстер адамзаттын түр катары жашап кетүүсүн шарттап, эл аралык аянтчаларда талкууланып жатканы баарыбызга маалым.
Борбор Азиядагы жападан жалгыз Кыргазстан Жашылдар Партиясы 2004-жылы түзүлгөндөн бери экология маселелерин көтөрүп келген. Мына ушул 17 жыл бою куугунтукталып да, соттолуп да, жада калса түшүнбөстуккө, шылдыңдоого да учураган. (https://www.green.kg/news/view/163) (https://www.green.kg/news/view/20)
Ошол эле учурда дүйнө жүзү бизге, кыргызстандыктарга, бул өзү кандай эл деп аяабай таң калышат: жер байлыгы, эң негизгиси суусу, жашоо булагы - мөңгүлөрү, кара алтыны (Кара- Кече күрөң көмүр кени)бар ушундай куттуу өлкөдө туруп, ошону менен бирге жылдан-жылга өзүн өзү ууландырып кышкысындагы ышты айтам, жакырчылыктын чегине жетип, ачкачылыкты жана энергетикалык кризистен болгон суукту чыдап келет? Бишкек бир нече жылдан бери абасы эң булганган шаарлардын катарында жүрөт. Рак менен ооругандардын, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын оорулары эмне үчүн көбөйүүдө? – Жообу бир - бузулган экологиябыз, экологиябыздын бузулганы эң биринчи иретте бийликтегилердин, ишмерлердин сабатсыздыгынан же коррупциялык схемаларынан улам болуп жатат. Коррупцияланган акча – бул арам акча.
Биздин партиябызда өзунун саясатында киреше алууну, б.а. акча кылмай жана жасамай деген либералдык базар экономикасына тийиштүү философия үстөмдүк кылбайт.
Жашылдар партиясы Кыргызстанда социалдык мамлекет болушун көздөйт.
Албетте, Жашылдар партиясы жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жана социалдык маселелерди чечүүгө басым жасоо менен көптөгөн экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча өзүнүн стратегиялык программасы менен чыкты.
(https://www.green.kg/news/view/208)
Коомчулук эми гана ойгонуп, мөңгүлөрдүн бузулушу экосистеманын терс өзгөрүшүнө алып келерин айта баштады.
Жашылдар алтынды да, уранды да иштетүүгө жана казууга, бак-дарактарды кыюуга каршы туруп келген. (https://www.green.kg/news/view/132) (https://www.green.kg/news/view/89) (https://www.green.kg/news/view/91) (https://www.green.kg/news/view/80) (https://www.green.kg/events/view/2)
Биздин партиянын платформасы жөнөкөй – Таза аба, таза суу, таза жер – таза коом.
Учурунда СССР дин Жогорку Советинин Президиуму Ысык-Көлдү бүткүл союздук ден-соолукту чындоочу курорт деп жарыялап, алтынды да, уранды да иштетүүгө тыюу салган эле.
Бир колу менен бак тигип, таштандыларды жыйнап, экинчи колу менен уранды өндүргөндү жактаган псевдоэкологиялык активисттер биздин катарыбызда жок.
Жашылдар - социалдык адилеттүүлүк үчүн турабыз.
Биз турмуштун бардык чөйрөлөрүн жашылдандырууну, айылдарды жана чет жакаларды урбанизациялоону жактайбыз. б.а. ар бир үйдө ысык суу, жылуулук, электр кубаты жана газ болушу зарыл, экологиялык талаптарга жооп берген жакшы өнүккөн инфраструктура болушу керек.
Жашоо жана ден соолук үчүн жагымдуу шарттарды түзүү СОЦИАЛДЫК АДИЛЕТТИК болмоюнча, билим алууда, ишкердикте ар бир адам үчүн бирдей старттык мүмкүнчүлүктөрсүз, өлкөбүздөгү ар бир адамдын кесибине, жөндөмүнө жана тажрыйбасына ылайык татыктуу жумуш тандоо мүмкүн эмес.
АРЗАН ТУРАК-ЖАЙ (https://www.green.kg/news/view/166), БИЛИМ, https://www.green.kg/news/view/160) МЕДИЦИНАЛЫК КЫЗМАТ, https://www.green.kg/news/view/184) ТАТЫКТУУ ПЕНСИЯ.
Кыргызстан Жашылдар Партиясы жарандарды пенсиялык камсыздоо боюнча долбоорун ишке ашыруу - парламентте беш жылдык иштөө мөөнөтүнө, б.а. 2027-жылга чейин жашоо минимумунан төмөн пенсия алган адамдардын санын биротоло алып салууну жана пенсияга чыгуу курагын төмөндөтүүнү (аялдар – 55 жаштан, эркектер – 60 жаштан) сунуштайт.
Социалдык блокту камсыз кылуу үчүн ар бир кыргызстандыкка НАН, ЖУМУШ жана КООПСУЗДУК (https://www.green.kg/news/view/134) (https://www.green.kg/news/view/128) керек.
Бажы кызматынын жана кендерди иштетүүчү жайлардын, Кумтордун ачык-айкындуулугун камсыздоодо гана Кыргызстандын бюджетине жылына 20 миллиард доллардан кем эмес киреше түшмөк.
Кыргызстан Жашылдар Партиясы республикалык масштабтагы долбоорду - Кара-Кече кенинде Тоо-кен байытуучу комбинатты (Горно обогатительный комбинат - ГОК) ишке киргизүүнү сунуштайт. https://www.green.kg/news/view/164.
Азыркыдай казып отко салганыбыз – бул аргасыздык, ошондой эле караңгычылык, себеби ден-соолукка өтө зыяндуу (https://www.green.kg/news/view/183 ) (https://www.green.kg/news/view/161)
ГОК ишке кирсе - ар бир үйдө жылуулук, электр жарыгы болуп, күйүүчү-майлар боюнча коңшу мамлекеттерден көз каранды болбойт элек. Ар бир айыл өкмөттө мини ТЭЦ жана үйдү жылытуу үчүн пряник түрүндөгү экологиялык таза отун болмок. Андан түтүн эмес, буу чыкмак, б.а. ТЭЦте күнөскана ишканаларын ишке киргизип, өзүбүздүн айыл чарба продукцияларын экспорттоого болот. ГОКто кеминде 20 миң жумуш орду түзүлмөк. Бардык технологиялык процесстер дүйнөдө эчак эле сыноодон өтүп иштелип жатат. Суусу тартыш болгон Туркменистандан сабизди 100 сомдон алып жатканыбыз уят эле го.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Жаратылышты коргоо - мекенди коргоо!
Жаратылыштын саламаттыгы - элдин саламаттыгы!
Чындыкты жана жоопкерчиликти кабыл алуу учуру келди. Бизде ак-калпактуу, «элибиздин жаны менен барабар» тоолорубуз бар!
Келерки жылдарда кандай келечекти курабыз, дагы 5 жыл зымырап көз жумгуча өтүп кетет. Мөңгүлөрдү - жашоо булактарын сактап калабызбы, Кыргызстандын жаратылыш байлыгы элдин, келечек муундардын кызыкчылыгына иштесин десеңер,
No.12 Кыргызстан Жашылдар партиясына добуш бергиле!
Менин партиядагы катар номерим 4.
Урматтоо менен - Бөрүбаева Гүлхан Бираевна.