Акыйкатты орнотобуз!

17.10.2021
Распечатать

Социалдык акыйкаттуулук – бул теңдемечилик эмес, а баардыгыбыздын жана ар бирибиздин өзүбүздүн ишибиз үчүн, өзүбүздүн өлкөбүз үчүн жалпы ЖООПКЕРЧИЛИК.

Бул аң-сезимдүү жана келечек муунга тунук ТАЗА АБАНЫ, ТАЗА СУУНУ, ТАЗА ЖЕРДИ жана прогрессивдүү ТАЗА КООМДУ өткөрүп берүүнүн зарылчылыгы!

Кыргызстандын Жашылдар Партиясынын программасы азыркы дүйнөдө күч алып жаткан жана экономикадагы жаңы чечимдерди сунуштаган жашыл өсүү саясатын карайт.

  • БИЗДИН ӨЛКӨДӨГҮ АР БИР АДАМГА кесибине, жөндөмүнө жана тажрыйбасына ылайык татыктуу жумушту тандоодо, бардык түзүмдөр, ишкердиктер үчүн тең баштапкы мүмкүнчүлүктөр, СОЦИАЛДЫК АКЫЙКАТСЫЗДЫКСЫЗ жашоо жана ден соолук үчүн жагымдуу курчап турган чөйрөнү түзүү мүмкүн эмес. Жарандар сотко кайрылууга аргасыз болуп жаткан себептерди жоюу, жарандардын максималдуу камсыз болгон жумуштуулук, эмгеги үчүн татыктуу эмгек акы, социалдык чегерүүлөр жана камсыздандыруу төлөмдөр.
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун акыйкатсыз соттук чечимдерин, мөөнөтү эскиргендигине карабастан кайрадан кароонун реалдуу иштей турган механизмин түзүү.
  • Ата Мекенди коргоонун кызыкчылыгында куралдуу күчтөрдү кайра уюштуруу. Армия аскердик кадрлар, жетиштүү жакшы жабдылган, комплекттенген, мобилдүү жана моблизациялык камсыздалган болууга тийиш.
  • Пандемия менен күчөгөн олуттуу каатчылыкка карабастан, дени сак жашоо образын пропагандалоого жана калыптандырууга багытталган программаларды реалдуу каржылоо. Адамдардын жалпы маданиятын калыбына келтирүү.
  • ЖЕТКИЛИКТҮҮ ТУРАК ЖАЙ, БИЛИМ БЕРҮҮ, МЕДИЦИНАЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ, ТАТЫКТУУ ПЕНСИЯ. Парламентте беш жылдык иштөө мөөнөтүнө, б.а. 2027-жылга чейин жашоо минимумунан төмөн пенсия алган адамдардын санын биротоло алып салуу. Пенсия курагын төмөндөтүү: аялдар – 55 жаштан, эркектер – 60 жаштан.
  • Айылдарды жана поселкаларды урбанизациялоо үчүн шарттарды түзүү, б.а. ар бир үйдө ысык суу, жылытуу, электр жана газ, өнүккөн инфраструктура.
  • Жашыл технологияларды, калдыксыз өндүрүштү ишке киргизүү, экологиялык таза өндүрүштү жана продукцияны өнүктүрүү, таштандыны сорттоо жана кайра иштетүү.
  • Тармактык бизнести мыйзам деңгээлинде өнүктүрүү жана коргоо. Жарандардын, тармактык бизнестин катышуучуларынын, ошондой эле үлүштүк курулуштун катышуучуларынын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуунун көйгөйлүү маселелери боюнча илимий негизделген сунуштарды иштеп чыгуу.
  • Биз шовинизмди жана сепаратизмди, улуттук жана диний касташууну жана адам укуктарын кемсинткен аракеттерди мактоого багытталган аракеттерди жана чакырыктарды кабыл албайбыз.

 

 

Келгиле АКЫЙКАТТЫК, ЖООПКЕРЧИЛИК ЖАНА ПРОГРЕСС үчүн бирге алгылыктуу ийгиликтерди жараталы!

Copyright © 2004-2026. Все права защищены законом об авторском праве.
При размещении материалов ссылка на сайт GREEN.KG обязательна!
Яндекс.Метрика