Саламатсыздарбы урматтуу Кыргызстандыктар!
Мен, Смагулов Бекен Кыргызстан жашылдар партиясынан шайлоого аттандым жана адистигим юрист, желе ишкердиги менен алектенген адамдардын укугун жана кызыкчылыгын коргоочу өкүлүмүн.
Кыргызстанда негизги көпчүлүк бөлүгү желе бизнеси менен алектенет. Бул желе бизнесинин катышуусундагы жана желе компаниясынын ортосундагы болгон жарандык-укуктук мамилеси, ал келишимдин көп бөлүгүндө дистрибьютерлердин кызыкчылыктары жана укуктары жазылбай калган. Ушуга байланыштуу, бул чөйрөдөгү укук бузуулар жөнүндө так статистика дээрлик мүмкүн эмес
Желе маркетинги дүйнөлүк соода аянтында туруктуу өз ордун ээлейт жана дүйнө жүзүндө күч алууда, анын ичинде Кыргызстан дагы бар. Мунун себеби массалык жумушсуздук, ошондой эле бүт дүйнөнү каптаган Ковид 19 пандемиясы.
Азыр желе маркетинги заманбап экономикалык тутумдун курамына кирди жана ал бирден бир ишкердикти алып баруусундагы көрсөткүч ыкмасы болуп калды, мобилдүү жана ийкемдүүлүгү, өзүнүн жөнөкөйлүгү менен тартып. Жыл сайын бул ишкердиктин өкүлдөрүнүн саны көбөйүүдө. Желе бизнеси технологияларды активдүү өздөштүрүп жана интернет аркылуу өнүгүп баштады.
Желе бизнеси- ишенүүгө болот, жеке ишкердиктин бир түрү, ал көп акча каражатын талап кылбайт жана аны дүкөндөн тышкаркы чекене сооданын бир түрү катары кароого болот.
Желе бизнеси экономикалык тутумунун бөлүгү болуп, ал жерде эбегейсиз финансылык каражаттар жана адам ресурстары тартылган.
Желе бизнеси товар-акча мамилесинде актуалдуу болуп баратат, бирок ал укук-ченемдик актылары менен корголгон эмес, анткени биздин мыйзамдарда желе маркетинги деген түшүнүктүн өзү жок. Желе маркетинги жөнүндө так мыйзамы жок.
Элдин ишенимин актоо жаатында бардыгын өз ордуна койгон, ушундай мекеме же уюм керек болгон убакыт келди.
Желе бизнеси менен алектенген адамдарды колдоо үчүн «Ассоциация Зеленый Дом» түзүлгөн, анын максаты кийинкилер болуп эсептелет:
- көйгөйлүү маселелер боюнча илимий негизделген сунуштарды иштеп чыгуу:
- эсепке алуу жана каттоо, салыктарды төлөө (салык кызматы чоң акчаны жоготуп жатат);
- желе компанияларынын товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн легалдаштыруу жана сертификациялоо;
- криптовалюта менен иштеген компаниялардын маселелерин кароо, аларды мыйзамдаштыруу;
- Интерпол менен өз ара кызматташуу;
- Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу.
Желе бизнесинин кадыр-баркын жана социалдык абалын көтөрүү;
Тилекке каршы, көпчүлүк калктын бөлүгү укуктук сабатсыздыгынан, жебе бизнесинин легитимдүүлүгү коомчулук тарабынан ишенбөөсүнө дуушар болуп жатат.
Буга таржымал катары мекеменин мошеничествосу болуп саналат, иштөө схемасы желе бизнесине окшош алдамчылар активдешип, каржы пирамидаларынын феноменин жаратып, желе бизнестин аброюна көлөкө түшүрүп, анын кесепетинен көптөгөн кыргызстандыктар жапа чегишүүдө, ири суммадагы акча салып. (Мисалы: Финка, Антарес жана башкалар.)
Ошол эле абалда үлүл курулуштардын катышуучулары бар, ал жерде бир эле батир бир нече ирет сатылат. Акырында, батирлерден жок, акчадан жок.
Желе бизнес рыногу дүйнө жүзү боюнча чоң өнүгүү келечеги бар жана индустрия желе бизнеси дүйнө жүзүндө биринчи орунду ээлет, тез өнүгүп келе жаткан экономикалык система сыяктуу.
КМШнын экономисттери далилдеди, 21 кылымда 70% дүйнө жүзүндөгү ишканалар желе маркетинг концепциясын колдонуп иштейт.
Экономикалык кризистин шарттарында желе бизнеси, салттуу линейный бизнеске караганда жакшы жана жеңил өтөт.
Урматтуу шайлоочулар! Урматтуу Кыргызстандыктар!
Өзгөрүүгө убакыт келди!
Биз өзүбүз өлкөнүн тарыхын жаратып жана жазып жатабыз.
Өнүгүү тарыхы же уурдалган өлкөнүн тарыхы?
- сиздин тандоо, бүгүн сиздин добуш Кыргызстандын келечегинин желе маркетинги кандай болоорун чечет.