Алыкулова Гүлбү Корошовна, катар номери 48, тарых илимдеринин кандидаты, доцент

12.11.2021
Распечатать

Саламатсыздарбы урматтуу Кыргызстандыктар жана кыргыз элим!

 

Мен Алыкулова Гүлбү Корошовна катар номерим 48чи, Кыргызстан Жашылдар Партиясынан чыгып жаткан талапкермин.

Биз бүгүнкү күндө эртеңки шайлоого аттанып жатып, Кыргызстаныбыздын келечегине кам кордук көрүү менен мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн ар бир Кыргызстандын уулу жана кызы дүйнөлүк талаптарга ылайыктуу билимдүү инсан болуп тарбияланышы абзел. Кыргызстандын билим берүү тармагындагы жаралган көйгөйлөр ар бирибиздин жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ойлондуруучу маселе.

Өлкөбүздөгү мектептердин жетишсиздиги, окуучулардын санынын көптүгү, кыргыз тилдүү окуу куралдарынын тартыштыгы жана катачылыктарды кетирүү менен сапатка жооп бербеши, техникалык жабдуулардын аздыгы, мугалимге деген сыйдын, баалуулуктардын жоголушу жана башка көптөгөн көйгөйлөр, билим берүүнүн сапатын начарлатып жатканы баарыбызга белгилүү.

 

Бир класста 40-50го чейин жеткен окуучунун окушу, билим алуудагы убакыт менен эле ченегенде толук билим алууга мүмкүнчүлүк жоктугун далилдеп турат. Мугалимге ошончо окучууга сабак берүүдөн сырткары, кагаз жумуштарынын көптүгү, коомдогу мугалимдин ордунун төмөндүгү, укуктарынын тебелениши, мугалимдин эркиндигинин чектелип жаткандыгы жана мамлекет тарабынан аз каржыланышы да билим берүүдө көйгөй жаратат.

 

Албетте айта берсе арман көп дегендей, мугалимдерге келип жаткан ар кандай долбоорлордун кандай жыйынтык берип жаткандыгын талдабай туруп, кайра дагы бир жаңы долбоорду сунуштай берүү, баш айлантууга алып барат жана отчет жүзүндө калып мугалимдин квалификациясын жогорулатууда терс таасирин тийгизип коет. Ошондуктан мугалимдин тандоо эркиндиги да камсыздалышы керек.

Андан сырткары, мектепте он бир жыл тарбияланып, мыкты аракеттин аркасында бүтүргөн окуучу үч күндүк тестирлөөнүн негизинде, жогорку окуу жайын тандоодо ошол алган балына көз каранды болуп, татаалдыктын жаралгандыгына күбө болуп жатабыз. Алган балынын төмөндүгүнө байланыштуу жогорку окуу жайына өтө албай же өтсө да мамлекеттин эсебинен каралган гранттык орундарга илешпей, төлөп окуганга шартынын жоктугуна байланыштуу келечектин мыкты кадрынын көчөдө калып калуусуна, үч күндүк балдын таасири тийип жатканы өкүндүрбөй койбойт. Окууга  тапшырган студент, контракттык төлөмдү төлөш үчүн, өз аракетинин негизинде кошумча жумуштарда иштеп жеткиликтүү билим алууда үзгүлтүккө учурашы анын эртеңки кадрдык саясатта артта калып иш менен камсыздалбай калышы эч кеп эмес. Ошондуктан билим берүү системасындагы жүргүзүлүп жаткан реформалардын иш жүзүнө ашышындагы жаралган мындай маселенин чечилишин так аныкташыбыз керек.

Азыркы күндө Кыргызстанда 64 жогорку окуу жайы бар. Бирок, жогорку окуу жайлардын санын эле көбөйтүү менен эмес аларга рыноктук мамиле жасап, кесиптик оптимизация саясатын колго алуу менен ошого жараша билим берүү продукциясын беришибиз керек. Рыноктун талаптарына жооп берген адистерди  даярдап чыгуу үчүн кесиптик оптимизация саясатына ылайык коомдо кайсыл предметтер,  кайсыл адистиктер жана канча санда керек экендигин билип ошого жараша пландоо менен кадрларды даярдоо жана иш менен камсыз кылуу.

Мамлекеттин келечеги, өзүбүздүн келечегибиз билим алууда жана билим берүүдө турат. Мындай менин көз карашым менен туура келген бул Кыргызстан жашылдар партиясы.

Кыргызстан жашылдар партиясынын жүргүзгөн саясаты жана программасы бул көйгөйдү чечүүдө чоң күч болуп бере алат.

 

Урматтуу шайлоочулар!

Келиниздер, Кыргызстан жашылдар партиясына№12 жана ал партиядагы 48 номерди белгилөөнү унутпаныздар.

Copyright © 2004-2026. Все права защищены законом об авторском праве.
При размещении материалов ссылка на сайт GREEN.KG обязательна!
Яндекс.Метрика