Баргибаева Жипаргүл Мухтаровна 28-ноябрда ѳтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин шайлоосуна № 12 «Кыргызстан Жашылдар» партиясынын тизмесинен № 5 талапкер

12.11.2021
Распечатать

Урматтуу мекендештер!

  Мен, Баргибаева Жипаргүл Мухтаровна 28-ноябрда ѳтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин шайлоосуна № 12 «Кыргызстан Жашылдар» партиясынын тизмесинен № 5 талапкер болуп бара жатам.  

  Биз кѳппүз - ѳлкѳ бирѳѳ, ойлор кѳп - убакыт аз.

  Биз, «Ала-Тоо айымдары» Кыргызстан экологиялык кыймылынын жамааты, «Кыргызстан Жашылдар» партиясынын программасын толук колдойбуз жана жалпы Кыргызстандыктарды да чакырып кетээр элек. Глазгодо ѳтүп жаткан аба-ырайы боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун саммитинде кѳтѳрүлүп жаткан маселелерди биз 2010-жылы кыймыл негизделген күндѳн баштап эле кѳтѳрүп келе жатабыз. Ч. Айтматовдун керээзи: «Мѳңгүлѳргѳ арзуу» деген чакырыктын алдында, биздин кыймыл “Мөңгү фонду” менен биргеликте  «Мѳңгүлѳр - Борбор Азия регионундагы нымдуулуктун, ден-соолуктун, электр кубаттуулуктун жана саясий туруктуулуктун кепилдиги» деген темада бүткүл дүйнѳлүк форум ѳткѳрүү демилгесин жайылтуу боюнча кѳп алгылыктуу иштерди аткарууга жетиштик.

COVID 19 ансыз да араң турган дүйнѳнү токтотту. Дүйнѳлүк коомчулук жаңы социалдык психотиптердин жүзүндѳ  жаңы ойго, жаңы дүйнѳлүк курулушка, жаңы дүйнѳлүк тартипке муктаж. Ар бир мамлекет ѳзүнүн ѳнүгүү жолун изеп турганда, бирѳѳнү үлгү тутуу же жардам күтүү, бул түркѳйлүк.  Мындай прецендент такай эле түзүлѳ бербейт, ошондуктан,  убакытты туура пайдаланбай ѳткѳзүп жиберүү  бул кылмыш.

Мындан нары мамлекетти башкарууда эле эмес, тамак - аш рационунан тартып, адамдын жөнөкөй кылык жоругуна чейин, түп тамырынан бери өзгөрүүсү – бул айныгыс чындык.

 

Жаңы форматтагы экосоциалдык саясаттын жетегинде, баардык багыттар боюнча натыйжалуу иш алып баруу максатында, баарыбыз улуттук идеяга кызмат кылышыбыз зарыл. Жер чокудан башталат демекчи, Борбор Азия региону мѳңгүлѳрдѳн башталат.”Мөңгү таза суу булагы!” Регион чулку экономикалык, экологиялык тегиздик болгондуктан, мѳңгүлѳрдү сактоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, Арал деңизин толтуруу, экологиялык жер иштетүү ыкмасына ѳтүү милдетин, регионду мекендеп турган баардык мамлекеттерге жүктѳѳ зарыл. Ал тургай, түбѳлүк материк катары, жер планетасынын жер фонду катары бүткүл дүйнѳлүк кѳзѳмѳлгѳ алынып: Борбор Азия «согуштук аракети жок регион» деп жарыялануусу учурдун айныгыз талабы.

Кыргызстан менен Тажикстандын мѳңгүлѳрүнѳ катылган отун энергетикалык кубаттуулуктун дарамети, бүтүндѳй Борбор Азия регионун гүлдѳтүп кармап турууга жетет.

Биздин чукул максатыбыз: пандемиядан, жакырчылыктан, кышкы ыштан аз жоготуу менен арылуу жана сугат тармагын калыбына келтирүү.

 

 

Урматтуу шайлоочулар!

28-ноябрда ѳтүүчү ЖК шайлоосуна № 12 «Кыргызстан Жашылдар» партиясына добушуңуздарды берүүңүздѳрдү ѳтүнѳбүз!

Copyright © 2004-2026. Все права защищены законом об авторском праве.
При размещении материалов ссылка на сайт GREEN.KG обязательна!
Яндекс.Метрика