Кыргызстан Жашылдар Партиясы
18/06/2004 түзүлгөн
Булекбаев Эркин Касымович, негиздөөчүсү, төрагасы
Партиянын максаты:
Кыргызстанда саясий маданиятты түзүү, мында жогорку баалуулук – адамдын табият менен шайкештиги. Биздин максат – социалдык багытталган, экономикалык жактан атаандаштыкка жөндөмдүү, демократиялык өнүккөн, күчтүү жарандык руханий адеп-ахлак институттары жана адам, анын саламаттыгы, укугу жана милдети жана эркиндиги жогорку баалуулук болуп саналган дени сак коомго ээ укуктук Кыргызстанды куруу.
Биз өзүбүздүн ишмердигибиздин башкы бурчуна бийликтин үстүнөн элдик контролду жүзөгө ашыруу менен реалдуу демократияны башкаруу ыкмасы менен интеграциалоону өнүктүрүүнү коёбуз, мында мамлекеттин бардык күчү жана аракети ар бир жаранга каалагандай эркин билдирүүнү жана жагымдуу курчап турган чөйрөнү камсыз кылууга багытталган.
Милдеттер:
-жарандардын саясий эркин калыптандырууга таасир берүү аркылуу өлкөнүн саясий турмушуна катышуу, мамлекетти башкарууда жарандык коомдун эркин күчөтүү;
-экологиялык коопсуз экономикалык өсүштүн эсебинен жарандардын жашоосунун сапатын туруктуу жогорулатуу үчүн жашыл экономикасын өнүктүрүү;
-акыйкат экологиялык рационалдуу саясий, экономикалык жана коомдук укук тартибин орнотууга саясий көмөктөшүү;
-кызматташтык институттарын түзүү жана жарандык коомдун, бизнес-чөйрөсүнүн жана мамлекеттик мекемелердин экологиялык багытталган аракеттерин бириктирүү;
-экологиялык дүйнө таанымды калыптандыруу;
-аз калдыктуу жана экологиялык таза технологияларды колдонууга көмөктөшүү;
-Кыргызстандын жаратылыш-ресурстук дараметин рационалдуу пайдаланууну/ эффективдүү камсыз кылууга көмөктөшүү;
-туруктуу экосистемасын өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын сактоо (биоартүрдүүлүктү, муздарды, жердин күрдүүлүгү);
- Чарбалык, экономикалык тармактагы жана бардык чөйрөдөгү жоо климаттын өзгөрүшүнө митигациялоо жана адаптациалоо;
- материалдарды жана чийки затты өндүрүү, калдыксыз кайра иштетүү жана ресурсту үнөмдөө жаатындагы өнүктүрүү;
-экологиялык терроризмге бөгөт коюу;
- иретке келтирилген мониторинг системасын түзүү/бардыгын көзөмөлдөө
-бийликтин үстүнөн жарандык контролду, курчап турган чөйрөнү, ден соолукту коргоону күчөтүү, Кыргызстандын жарандарын руханий жана нравалуулугун калыбына келтирүү максатында, мамлекеттик бийлик органдары, партиялар, кыймылдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү;
-билим берүү, өсүп келе жаткан муунду жогорку маданий нравалуулугуна үйрөтүү, жогорку квалификациалуу адистерди даярдоо;
- Ата мекендик өндүрүштү колдоо үчүн орто, чакан бизнестерге шарттарды түзүү.
Максатка жана милдеттерге жетүүнүн жолдору
Өзүнүн ишмердүүлүгүндө экологиялык маселелерди чечүүгө конструктивдүү мамилеге негизденет. Мындай мамиленин мааниси төмөнкүлөрдө турат:
-партиянын мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу органдарына, Президенттин кызмат ордуна, Өкмөттүн башчылыгына жана мүчөлүгүнө, аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жетишүү;
-ар кандай социалдык, этникалык топтордун кызыкчылыктарын макулдашуу үчүн, жалпы улуттук максатты – Кыргызстандын элин консолидациялоону калыптандыруу ыкмасы катары, эффективдүү мамлекеттүүлүктүн зарыл негизи катары сүйлөшүү процесстеринин дайыма иштеп турган механизмдерин түзүү;
-калкка активдүү тарбиялык-билим берүүчүлүк, үгүт-пропагандалык жана түшүндүрүү-маалыматтык ишти жүргүзүү;
-демократиялык эркиндикти коргоо, бийликти бөлүштүрүү принцибине, текшерүү жана тең салмактуулук механизмдерин иштеп чыгуу, мамлекеттик программалардын ишке ашырылышын, мамлекеттик бюджеттин аткарылышын, Өкмөттүн жана башка мамлекеттик башкаруу органдардын ишмердигине контролдук фикцияларды Парламентке бөлүп берүүгө көмөктөшүү;
-жаратылыш ресурстарын эффективдүү башкаруу.
Биздин ураан:
Экологиялык жоопкерчиликсиздик – адамдардын татыктуу жашоосуна жана ден соолугуна башкы коркунуч.
Кыргызстандын Жашылдар партиясы билдирет:
-коомдун эч бир саясий, экономикалык жана социалдык кыйынчылыктары экологиялык көйгөйлөрдүн актуалдуулугун токтотууга тийиш эмес, анткени жакынкы келечекте ал өзү бардык башка көйгөйлөрдү токтотушу мүмкүн;
-Кыргызстанды калыбына келтирүү социалдык-саясий, экономикалык жана экологиялык процесстерди өнүктүрүүдө шайкештиктин негизинде гана мүмкүн;
-экология маселесине карата мамлекеттин жана коомдун мамилесин өзгөртүү керек, саясий эрк жана күч зарыл, анын көңүл борборунда азыркы жана келечек муундун турмуштук кызыкчылыктары турууга тийиш.
Биз, акыл-эстүү, экологиялык багытталган, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө, биздин партиянын максатын жана милдеттерин жигердүү колдоого даяр бардык тарапташтар үчүн ачыкпыз.
Биздин партиянын ишмердүүлүгү ыктыярдуулук, тең укуктуулук. Мыйзамдуулук жана ачык-айкындык принциптерине негизденет.
Партия өзүнүн ички түзүмүн, максатын, ишмердүүлүктүн формасын жана методдорун аныктоодо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдөн тышкары эркин.
КЖПнын негизги принциптери:
-курчап турган чөйрөнү коргоо, жашыл өнүгүү;
-акыйкаттуулуктун күчү;
-гендердик теңчилик;
-согушсуз жана зомбулуксуз тынчтык өнүгүү.
Кыргызстан Жашылдар партиясы талашсыз баалуулук – бул адамдын өмүрү экендигине негизделет. Мамлекет, бийлик – болгону ушул баалуулукту коргоонун инструменти, аны толук кандуу жана гармониялуу өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун каражаты. Бирок, татыктуу жашоо жана өнүгүү укугу Кыргызстандын көпчүлүк жарандары үчүн кол жеткис максат болуп калууда.
Биз, мамлекеттик бийлик иш жүзүндө үй-бүлөлүк-кландык топторго эмес, элге отчет берүүчү жана анын котролдугунда болгондо гана мүмкүн деп эсептейбиз.
Кыргызстандын Жашылдар партиясынын идеологиясы планетанын экосистемасын – адамзаттын жалпы үйүн, мунун абалынан анын байгерчилиги түздөн-түз көз каранды болгон, бирден-бир түзүүчү катары адамдын баалуулугун аңдоодо курулат.
Ушул себептен ишмердүүлүктүн негизги принциптери:
-адамга жана жаратылышка карата этияттык менен мамиле кылуу, ак ниет, туруктуу жана тынч эмгек, жарандардын укуктук жана материалдык корголушу;
-мыйзамдуулук жана укук тартиби, коомду консолидациялоо, саясий чечимдерди кабыл алууда тең салмактуулук жана жоопкерчилик, бийликтин жана бизнестин кызыкчылыктарынын алдында жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыгынын артыкчылыгы;
-өлкөбүздүн бардык этносторунун салттуу баалуулуктарына негизделген улуттук, социалдык жана диний толеранттуулук, үй-бүлөлүк баалуулукту жана салттарды улуттук дөөлөттүн даражасына жеткирүү, өлкөнүн ар бир жараны – бул ар бир адам маанилүү бөлүгү болуп саналган зор көп улуттуу үй-бүлөнүн мүчөсү.
-Патриотизм – Жашылдар Партиясынын улуттук идеологиясы.
“Калп айтпа жана коркпо!”, адамдарга Чындыкты айтуу, биздин башкы принцип болуп келген жана кала берет. Өзүнүн 17 жылдык тарыхында биздин партия абийирине доо кетирген жок. Биз шайлоонун алдында түзүлгөн жокпуз жана ар кайсы партияларга секирип өткөн жокпуз.
Биз, жөнөкөй жана ак ниет адам депутат боло алаарлыгы жана тийиш экендиги жөнүндө ишенимдин адамдарга кайрылып келишин каалайбыз.
2004-2009: мурдагы режим учурунда партия бийликтин үй-бүлөчүлдүк жана кландуулугуна карышы чыккан, анын натыйжасында партиянын төрагасы түрмөдө бир жыл отурган: 26.04.2009-жылдан 08.04.2010-жылга чейин.
2010: Партия “Баарына каршы!”, ошондой эле 2012-жылы “Уурусу жок бийлик үчүн” деген ураан менен бийликти люстрациялоо үчүн чыккан.
2012: Кыргызстандын эли Кумтөр долбоорундагы коррупция жана биздин мөңгүлөрдү жапайычылык менен жок кылуу жөнүндө билген. Жашылдар партиясы бардык ушул аракеттерге каршы чыккан жана “Биз канадалыктар менен эмес, а өлкөнүн саткын жетекчилиги менен күрөшөбүз!” деген кыймылды түзгөн.
Кумтөр – бул афераны тез бүткөрүп жана өлкөнүн колдогу 67% үлүшүнөн 33% берип, элдин кызыкчылыгын уялбастан саткан кыргыз бийлигинин коррупциясынын айсберги.
2013: Партия Кумтөрдөгү экологиялык бузуулар үчүн 444 млрд. сом финансылык санкцияны өндүрүп алуу жөнүндө сотко доо арыз берген. Соттор бийликтин пайдасына бизден баш тартууда.
2014-2016: Биз Кумтөр боюнча күнөөлү адамдарды жоопкерчиликке тартууну талап кылабыз. Бирок Башкы прокуратура муну жасабайт, кылмыш ишин козгойт жана токтотот. Бардык күнөөлүлөр эркиндикте сайрандап жүрүшөт, алардын айрымдары депутат болушту.
Адамдар соттордун саткындыгынан, чиновниктердин жана криминалдык түзүмдөрдүн ээнбаштыгынан азап тартууда. Бийликтин жогорку эшелонундагы коррупция мамлекетти толук дискредитацияга алып келди.
Биз саясий коррупциянын ээнбаштыгы – кызмат орундарын сатуу, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу менен элдешүүнү каалабайбыз. Бул адамдардын ишенимин өлтүрүүдө. Ишенимди өлтүрүү – демек өлкөнү жок кылуу!
Кыргызстандын көйгөйү экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугунда эмес, а байлардын тойбой жаткандыгында. Ошондуктан реалдуу өзгөртүүнү баштоо убактысы эбак келген.
Биздин партия үчүн жогорку баалуулук – бул адам, ал татыктуу жашоого тийиш. Мамлекеттин саясатынын жана экономикасынын башында адамга жана жаратылышка карата урматтоо турууга тийиш.
Учурдагы цивилизация жаратылышты калыбына келтирүү жана адамдын керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн эбегейсиз чоң техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бирок муну ишке ашыруу үчүн, эски стереотиптерден баш тартуу жана өзүбүздүн ой жүгүртүүбүздү алмаштыруу керек, бул өнүгүүнүн жаңы оромуна өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Биздин партия түптөлгөн күндөн тартып жаңы идеологияны, коомду жана экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы жолун көтөрүүдө. Белгилүү болгондой, бардык жаңы нерселер кыйынчылык менен келет, бирок акыры жыйынтыгында жеңип чыгат.
Жашылдар күчтү ТАРТИПТИ орнотууга багыттоону сунуштайт, мында коомдун экономикалык өнүгүүсү келечек муундар үчүн зыянсыз болот. Бул жердеги цивилизациянын болушун сактап калуунун жалгыз шарты жана мүмкүнчүлүгү.
Биздин партия өлкөнүн келечегин көрө билет жана Кыргызстанды жакырчылыктан алып чыгууга мүмкүнчүлүк берген, аны өнүктүрүү программасына ээ.
Мында Мыйзамдар жана Өкмөт менен иштөө аркылуу “мыйзам – баардыгы үчүн, коопсуздук – ар бирине”, “адамдарга – байлык, шылуундар – түрмөгө” принциби боюнча тартипти чыңдоого жетишүү.
Социалдык акыйкаттуулук – бул теңдемечилик эмес, а баардыгыбыздын жана ар бирибиздин өзүбүздүн ишибиз үчүн, өзүбүздүн өлкөбүз үчүн жалпы ЖООПКЕРЧИЛИК.
Бул аң-сезимдүү жана келечек муунга тунук ТАЗА АБАНЫ, ТАЗА СУУНУ, ТАЗА ЖЕРДИ жана прогрессивдүү ТАЗА КООМДУ өткөрүп берүүнүн зарылчылыгы!
Кыргызстандын Жашылдар Партиясынын программасы азыркы дүйнөдө күч алып жаткан жана экономикадагы жаңы чечимдерди сунуштаган жашыл өсүү саясатын карайт.
“Кыргызстандын Жашылдар Партиясы” 2004-жылдан тартып А.Акаевдин, К.Бакиевдин, А.Атамбаевдин жана С.Жээнбековдун кылмыштуу режимдеринин коррупциялык схемалары менен күрөшүп келген, дайыма Кыргызстандын демократиялык өнүгүшү үчүн гана чыккан жана чыга бермекчи!
БИЙЛИК ТАЗА, АЛ ЭМИ САЯСАТ ТАЗА БУЛГАНБАГАН БОЛУУГА ТИЙИШ.
Кыска мөөнөттүү келечекте Программа жанга баткан маселелерди чечүүгө багытталган, атап айтканда:
Ар бир кыргызстандык медициналык кызмат көрсөтүүнүн кепилденген социалдык пакетке, жеткиликтүү баалар боюнча турак жай алуу мүмкүнчүлүгүнө, калктын аз камсыз болгон катмарына билим алуу үчүн гранттарга, окуу китептерине жеткиликтүү бааларга, пенсияны, мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин эмгек акысын этаптуу көбөйтүүгө ээ болууга тийиш.
Келгиле АКЫЙКАТТЫК, ЖООПКЕРЧИЛИК ЖАНА ПРОГРЕСС үчүн бирге алгылыктуу ийгиликтерди жараталы!